Бир сутка аралыгында борбор калаада 2 өрт катталды

Бир сутка аралыгында борбор калаада 2 өрт катталды. Бул тууралуу "ВБ" интернет-редакцясына ӨКМ кызматкери билдирди.

9-октябрь күнү "101" номерине Айтматов көчөсүндөгү барак тибиндеги үйдүн чатыры күйүп аткандыгы тууралуу чалуу түшкөн. Өрт болгон жерге эки өрт өчүүрүчү машина барган. ӨКМ кызматкеринин айтымында тилсиз жоо 50 чарчы метр аянтка жайылганга үлгүргөн. Өрт өчүрүүчүлөр бир саат ичинде тилсиз жоону толугу менен токтотушкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча өрт электр зымдарынын тийишкендигинен улам чыккан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД