Жалал-Абатта аялдар "Ата-Журт" депутаттарын колдоп ачкачылык жарыялашты

Жалал-Абатта 9 аял камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаттарын колдоп ачкачылык жарыялашты. Бул тууралуу "ВБ"га облустун ИИБинин маалымат катчысы Таалайбек Суусунбаев билдирди.

Анын айтымында кечээ, 8-октябрда, түштүк аймактын ар кайсыл райондорунан келген 9 аял МУККнын убактылуу кармалуучу жайында камалган "Ата-Журт" фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду колдоп ачкачылык жарыялашты.

"Учурда обладминистрациянын алдына 4 боз үй тигилип, анда ачкачылык жарыялаган аялдар бар", - дейт Суусунбаев.

Ал ошондой эле ачкачылык жарыялагандар алтын өндүргөн "Кумтөр" компаниясын улутташтырууну, камакка алынган депутаттарды бошотууна жана "2010-жылы бийликти басып алган" саясатчыларды жоопко тартууну талап кылышууда.

Жалал-Абатта 8-октябрда болгон митингге 2 миңге жакын адам катышкан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД