Саясый үч партиянын билдирмеси кайра иштеп келүүгө жөнөтүлдү

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы (АШК) үч партиянын билдирмесин кайра иштеп келүүгө жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн комиссия мүчөсү Максат Турумбеков билдирди.

Эске салсак, 8-октябрда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлү Альфред Жаркембаев КСДП жана "Ата Мекен" партияларынын ишенимдүү адамдары гана билдирме тапшырганын билдирип, аталган саясый уюмдар партиялык тизмесин тапшыра электигин кошумчалаган.

Бүгүн Турумбеков КСДПнын билдирме бергендигин жокко чыгарып, кечээ АШКка дагы үч партиянын: "Республика", "Мекен Ынтымагы" жана Кыргызстан элдик демократиялык партиясынын ишенимдүү адамдары каттоого келгендигин билдирди. Ал ошондой эле "Республика", "Мекен Ынтымагы" жана "Ата Мекен" партиялары каттоо үчүн документтерин толук алып келбегендиктен, аларды толуктап келүү үчүн кайра кайтарылгандыгын белгиледи.

Турумбеков ошондой эле бардык тийиштүү документтер тапшырылгандан кийин АШК саясый бирикмелерди үч күн аралыгында каттоого алышы керектигин кошумчалады.

Эске салсак, 15-октябрь каттоонун акыркы күнү. Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаардык кеңешке шайлоону 25-ноябрга белгилеген. Боршайкомдон билдиргендей шайлоо Бишкектен башка дагы 24 шаарда өтөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД