Токмокто айдоочу жөө адамды сүзүп, ал каза болду

Токмокто "Фольсваген Гольф-2" үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу жөө адамды сүзүп, ал каза болду. Бул тууралуу Чүй ИИББнын маалымат кызматы билдирди.

Алдын ала иликтөөлөргө ылайык, 50 жаштагы Токмок шаарынын жашоочусу машинасы менен 35-40 жаштагы азиат улутундагы эркек адамды сүзүп алган. Окуя Бишкек-Торугарт жолунун 61 чакырымында орун алган.

Жол кырсыгына кабылган жаран аймактык ооруканага жеткирилип, өзүнө келбей каза болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД