ШКУ университети магистратура боюнча жаңы багыт киргизет

ШКУ университети (ШКУУ) "педагогика" жана "экономика" багыттары боюнча магистратура киргизүүнү пландоодо. Мындай маалымат Шанхай кызматташтыгы уюмуна мүчө мамлекеттердин билим берүү министрлеринин жыйынында айтылды.

Орусия билим берүү министрлигинин эл аралык кызматташуу департаментинин директор орун басары Лариса Ефремованын айтымында, 2010-жылы биринчи жолу "экология", "энергетика", "нанотехнология", "аймак таануу" жана "IT-технологиясы" боюнча магистратурага кабыл алуу болгон. Магистранттар ШКУУ тарабынан тандалган өз мамлекетиндеги ЖОЖдордон окуй алышат. Аталган долбоорго мүчө мамлекеттерден 62 жогорку окуу жайы кирген. Бүтүрүүчүлөр ЖОЖдун дипломун жана ШКУУнун диплом-сертификатын алып, эки дипломго ээ болушат.

Эске салсак, ШКУУнын Кыргызстандагы "IT-технология" багыты боюнча базалык жогорку окуу жайы болуп Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети саналат. ЖОЖ "информатика жана эсептеп чышаруучу техника" багыттары боюнча магистранттарды даярдайт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД