Прокуратура Свердлов райондук ИИБ кызматкери катышкан жол кырсыгын иликтейт

Прокуратура Свердлов райондук ИИБ кызматкери катышкан жол кырсыгын иликтейт. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайтына жарыяланды.

Маалым болгондой Бишкек ИИББнын иликтөө башкармалыгы тарабынан 6-октябрда "Жол эрежесин бузуу" жана "Коркунучка кириптер кылуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Медициналык протоколго ылайык кызматкер мас абалында болгон. Ошол эле күнү милиция кызматкери Бишкек ИИББ убактылуу кармоочу жайына алынып келинген.

7-октябрда айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүп, аны Бишкектеги 1-СИЗОго которуу боюнча доо арызды Биринчи Май райондук соту караган.

Бирок доо арыз канааттандырылбай, аны үй камагына чыгарган.

Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД