Активист: Атамбаевдин келиши менен Кыргызстанда эч нерсе өзгөргөн жок

"Азыркы саясатчылар бийликке кан төгүү менен келген. 7-апрель окуясы боюнча сот отуруму уланууда, бирок айыпталуучулардын көпчүлүгү эркиндикке чыгып кетти". Мындай билдирүүнү "2010-жылдын 7-апрелинде каза болгондордун энелери" коомдук бирикмесинин өкүлү Жаңыл Иманкулова Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

"Мурат Суталиновду алгач СИЗОго камашты, бирок кийин ден соолугуна байланыштуу деп чыгарып ийди. Башка айыпталып аткандарды да чыгарып ийишти. Учурда эркиндикке чыгуу үчүн каражаты жок бир гана Данияр Дунганов калды. Ал азыр абдан ооруп атат", - дейт Иманкулова.

Ал ошондой эле азыркы бийликтин "сот процессин аягына чыгарууга ниети жана эрки жок экенин" кошумчалады. "Кыргызстандагы бийлик алмашкандан бери эч нерсе өзгөргөн жок", - дейт активист. – Саясатчылар Бакиев убагындагыдай тамак-ашка, электр энергияга болгон бааны көтөрүп атат. Ошол эле учурда алар элдин пикирин жана абалын эске албайт", - дейт ал.

"Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы талап-тоноо иштерине тийиштиги бар болсо да, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартпай атышат", - дейт Иманкулова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД