Экономика министрлигинин алдында халал-индустриясын өнүктүрүү сектору түзүлдү

Экономика министрлигинин алдында халал-кызматын өнүктүрүү жана жайылтуу үчүн халал-индустриясын өнүктүрүү сектору түзүлдү. Бул тууралуу "халал" түшүнүгүн стандартташтыруу маселесине арналган жыйында экономика министрини орун басары Санжар Муканбетов билдирди.

Анын айтымында коом маалымат технологияларын активдүү колдонуп жана "халал" белгиси менен өндүрүлгөн товарлар бир гана мусулман өлкөлөрүндө эмес, дүйнө жүзүндө өз баасын алууда.

"Халал стандарты менен союлган мал этинде кандын калдыктары калбайт Ошондуктан чет мамлекеттерде халал стандарттары менен товар өндүрө башташты. Ушундай ыкма менен өндүрүлгөн товарлар экономика багытынын келечектүү тармагы боло алат", - дейт министрдин орун басары.

Ал ошондой эле мамлекет халал товарларын жайылтууга кызыктар болгон тараптар менен иштешүүгө даяр экенин белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД