Кирешелерди уурдоо боюнча Кыргызстандын "кара тизмеге" түшүп калуу коркунучу бар

Кыргызстандын кирешелерди уурдоо боюнча "кара тизмедеги" мамлекеттерге кошулуп калуу коркунучу бар. Азыр мамлекет "боз тизмеде" турат. Бул тууралуу банк жана банктык ишмердүүлүк жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча тешерек столдо Улуттук банктын төрага орун басары Закир Чокоев билдирди.

Анын айтымында кирешелерди уурдоо боюнча көйгөйү бар мамлекеттердин тизмесин түзүү абройлуу эл аралык кирешелерди уурдоого карата финансылык чараларды иштеп чыгуу группасы (ФАТФ)тарабынан жүргүзүлөт. Алар дүйнө жүзүндөгү финансылык чалгындоо жүргүзүүчү тараптар менен тыгыз иштешет.

ФАТФдын баамында терроризмди каржылоого жана кылмыш жолдору менен кирешелерди уурдоо боюнча күрөштө Кыргызстандын стандарттары чабалдык кылат. Бул тууралуу аталган уюмдун өкүлдөрүнүн Кыргызстанга болгон акыркы иш сапары учурунда айтылган, - дейт Чокоев.

ФАТФдын ырасташынча Кыргызстан административдик жана кылмыш кодекси менен биргеликте биринчи кезекте, төлөө системасы боюнча мыйзамды иштеп чыгуусу керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД