7-апрелде каза болгондордун жакындары: Бизге миллиондун жана үйдүн кереги жок

"7-апрелде каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө берилген үй менен миллион сомдун бизге кереги жок". Бул тууралуу "2010-жылдын 7-апрелинде каза болгондордун энелери" коомдук бирикмесинин мүчөсү Жаңыл Иманкулова Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

"Эң башкысы 7-апрелде тынч элге ок аткандар кармалышы керек. Бүгүн болсо бардык айыпталуучуларды бошотуп атат", - дейт Иманкулова.

Ал ошондой эле берилген үйлөр тийиштүү нормага жооп бербейт: үйлөрдө свет, газ, канализация жок экенин кошумчалады. "Бийлик муну каза болгон балдарыбыз үчүн берилген сыйлык деп атышат", - дейт ал.

Мындан сырткары ал берилген үйлөр "түшүнүксүз талапкерлер" менен талашка түшүп атканын айтат. Ал кайненеси менен келини экөөнө берилген үйдү бөлүшө албай, алар азыр соттошуп жүргөнүн мисал келтирди.

"Бийлик 7-апрель окуяларындагы чыныгы күнөөкөрлөрдү таап, Курманбек Бакиевди жана анын жакындарын сот жообуна тартышы керек", - дейт Иманкулова.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД