Социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары Дербишова үй камагына чыкты

Социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары Гүлнара Дербишова үй камагына чыгарылганын анын адвокаты Искандер Журабаев "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, 9-октябрда Бишкек шаардык соту адвокаттын Дербишованын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызын карап, аны үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды.

"Мамлекеттик айыптоочунун менин жактоочума койгон айыптоолору боюнча, башкача айтканда "Ири суммадагы пара алуу" Кылмыш кодексинин беренеси боюнча далилдери жок", - дейт Журабаев.

Ал ошондой эле биринчи инстанциянын соту Дербишованын алты баласы бар экенин, анын үчөө өспүрүм болгонун эске алып, анын башка коргоо чарасын кароодо бир ай МУККнын убактылуу жайында кармоо чечимин кабыл алганын кошумчалады.

"Бүгүнкү күнү бардык иликтөө иштери бүттү. Дербишованы убактылуу кармоочу жайда кармоонун зарылчылыгы жок", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД