Эмил Алиев: Мамлекет паспортторду өздүктөштүрүүгө даяр

Мамлекет бүгүнкү күнү паспортторду өз алдынча өздүктөштүрүүгө даяр. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) мурдагы жетекчиси Эмил Алиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында МККда учурда Кыргызстан жарандарынын паспортторун чыгаруу үчүн бланктар бар жана өлкөдөгү кризис ага коркунуч жаратпайт.

"Чет жакка чыгуу үчүн паспорттордун бланктары 2013-жылдын июнь айына чейин жетет. Ал эми ID-card"дарды даярдоо үчүн бланкалар дагы үч айга жетет", - дейт Алиев.

Ал ошондой эле "Ар-Намыс" фракциясынын лидери Феликс Куловдун жана МКК төрагасы Эрлан Сапарбаевдин "Эгер өкмөт "Интел Линкс" компаниясы менен келишимди узартпаса, Кыргызстанды паспорт кризиси каптайт" деген билдирүүлөрүн, алардын так маалыматы жок же ал туура эмес деп жооп кайтарды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД