Алиев "Интел Линкс" менен келишимди узартуунун кажети жок дейт

Паспортторду өздүктөштүрүү боюнча "Интел Линкс" ЖАКы менен келишимди узартуунун кажети жок. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) мурдагы төрагасы Эмил Алиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында акыркы учурда жарандардан жана коомчулуктан паспорт боюнча көптөгөн суроолор түшүүдө.

"Көпчүлүк учурда маалыматтар туура эмес жана бир тараптуу берилип атат. Кимдир бирөө ушундай абалды жаратууга кызыктар", - дейт ал.

Ал паспортту даярдоо эки этап менен ишке ашарын – буклеттерди жана керектүү материалды даярдоодон турарын кошумчалады.

Ал ошондой эле акыркы мезгилдерде коомдо паспорт көйгөйү улам-улам көтөрүлүп, кимдир бирөөлөр андан өз кызыкчылыгы үчүн упай топтоого аракет кылганын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД