Жалал-Адатта ачкачылык жарыялаган аялдардын саны 28ке жетти

Жалал-Адатта ачкачылык жарыялаган аялдардын саны 28ке жетти. Бул тууралуу Жалал-Абат олбадминистрациясынын маалымат катчысы Мунарбек Жоргомов "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында учурда Жалал-Абат обладминистрациясынын имаратынын алдына 4 боз үй тигилип, анда ачкачылык жарыялаган аялдар отурат.

"Ачкачылык жарыялаган алдардын талабы мурдагыдай эле камалган депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду бошотуу, "Кумтөр" компаниясын улутташтыруу, 2010-жылы бийликти басып алган саясатчыларга кылмыш ишин козгоп, аларды жоопко тартуу", - дейт Жоргомов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД