Паспорт даярдоого Кыргызстан он жылда $400 млн сарптаган

"Паспорт даярдоого акыркы он жылда 400 млн. доллардай каражат сарпталган", - деп адам укуктары, конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Абдыманап Кутушев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан "КР жарандарынын улуттук паспорту жөнүндө" мыйзамды аткарууга даяр эместигин акыркы окуялар көргөздү. "10 жылда биз паспорт үчүн $400 млн короттук. Бул каражатка Орусиядагы Мамбелги сыяктуу фабриканы куруу мүмкүн болчу", - дейт Кутушев.

Ал ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү "КР жарандарынын улуттук паспорту жөнүндө" мыйзам долбоорун талкуулоого активдүү катышып атканын белгиледи. "Бул кабыл алууга керек болгон прогрессивдүү мыйзам болот", - дейт эл өкүлү.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД