Адистер Кыргызстанда спорт начарлаганын белгилешти

Адисттердин айтымында Кыргызстанда дене тарбия жана спорттун өнүгүү деңгээли төмөндөп баратат. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Байгазы Кенжебаев билдирди.

Анын айтымында Кыргызстанда спорт менен машыккан адамдардын саны жалпы калктын 6-7 пайызын гана түзөт. Чүй облусундагы калктын 20 пайыз дене тарбия менен алектенет. Ал эми башка аймактарда алардын саны аз. "Көпчүлүк балдар аскерде кызмат өтөөдө ден соолугу жарабайт", - дейт ал.

Кенжебаев акыркы убакта спорт социалдык тармактан көбүнча саясый тармакка ооп кеткенин белгиледи.

Мамагенттиктин аппаратында болгону 26 киши эмгектенет. Ошондой эле ар бир аймакта дене тарбия жана спорттун жайылышы үчүн жооптуу агенттиктин бирден өкүлү бар. "Облустагы комитеттер мурун эле жоюлган. Андыктан мамлекеттик бюджетке оорчулук келтирбей ар бир айылга спорттун жайылышына көзөмөл кылчу бирден адисти дайындайлы деген оюбуз бар", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД