Депутат: Электрондук шайлоону коалиция колдосо, эл аралык уюмдар каражат бөлөт

"Эгер Кыргызстанда электрондук шайлоону киргизүүнү көпчүлүк коалиция колдосо, жабдыктарды сатып алууга эл аралык уюмдар жардам берет". Мындай пикирин Жогорку Кеңеш депутаты Равшан Жээнбеков 9-октябрда КТРКнын түз эфиринде шаардык кеңеш шайлоосу боюнча талкуунун жүрүшүндө билдирди.

Ал Монголия электрондук шайлоону киргизип, экинчи жолу ушундай ыкма менен шайлоо салыштырмалуу таза өтүп атканын айтты. "Мен Монголия президентине электрондук шайлоону киргизүүнү ким сунуштады? деп сурадым. Ал бул сунушту өзү көтөргөнүн айтты. Шайлоо учурунда керектелчү жабдыктарды алар 15 млн. долларга сатып алышкан экен", - дейт Жээнбеков.

Ал эми Жогорку Кеңештеги "Республика" фракциясынын депутаты Абдыжапар Бекматов электрондук добуш берүү системасы Казакстанда да колдонулуп келгенин, бирок ал өзүн актабагындыгын айтат. Кыргызтандын эли да электрондук шайлоого ишенбей турганын белгиледи. Мындай пикирди "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев да колдоого алып, сотторду тандоодо болгон окуялар сыяктуу жагдайлар болуп кетиши ыктымалдыгы бар экенин айтат. Бирок ал шайлоодо жаңы техникаларды колдонуу керектигин белгиледи. "Интернет, уюлдук телефон, чип сыяктуу жабдыктарды колдонуу менен шайлоодо добуш берүү системасын өзгөртүү керек", - дейт Текебаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД