Динара Ошурахунова: Добуштун баасы 500 сом болду деп айтылууда

"Добуш берүү 500 сом болду деп айтылууда". Мындай пикирин "Жарандар коррупцияга каршы коалициясынын" жетекчиси Динара Ошурахунова 9-октябрда КТРКнын түз эфиринде шаардык кеңеш шайлоосу боюнча талкуунун жүрүшүндө билдирди.

Ал шайлоочуларга добушун сатуу уят нерсе экенин түшүндүрүү керектигин белгиледи. "Шайлоо учурунда 200 миңден 1 млн. сомго чейин каражат кетип атат. Саясый партиялар азыр эле кээ бир аймактарда өздөрүнүн аракеттерин көрүп аткандыгы жөнүндө маалыматтар бар", - дейт ал.

Эске салсак, Бишкек шаардык кеңешине шайлоону президент 25-ноябрга белгилеген. Боршайкомдон билдиргендей мындан башка дагы 24 шаарда шайлоолор болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД