Текебаев: 7 пайыздык бөгөт жаш саясатчыларга тоскоол болот деген туура эмес

"7 пайыздык бөгөт жаш саясатчыларга тоскоолдук болот деген туура эмес". Мындай пикирин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 9-октябрда КТРКнын түз эфиринде шаардык кеңеш шайлоосу боюнча талкуунун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында мындай бөгөт саясый партиялар арасында атаандаштыкты жаратат. "Парламенттик шайлоодо көптөн бери келаткан партияларга салыштырмалуу жаңы партиялар элдин көп добушун ала алды", - дейт ал.

Ал эми "Республика" фракциясынын депутаты Абдыжапар Бекматов бөгөт киргизүү дүйнөлүк практикада колдонулуп келгенин айтат жана 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо 5 пайыздык бөгөт коюлганын кошумчалады. Ал жергиликтүү кеңештерге киргизилген 7 пайыздык бөгөт, добуш берген жалпы шайлоочулардын санынан алына турганын белгиледи.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД