Равшан Жээнбеков: Бишкек, Ош шаар мэрлерин эл шайлаш керек

"Президент менен премьер-министр тандаган мэр иштебейт. Бишкек, Ош шаар мэрлерин эл шайлаш керек". Мындай пикирин Жогорку Кеңеш депутаты Равшан Жээнбеков 9-октябрда КТРКнын түз эфиринде шаардык кеңеш шайлоосу боюнча талкуунун жүрүшүндө билдирди.

Депутаттын бул сунушун "Жарандар коррупцияга каршы коалициясынын" жетекчиси Динара Ошурахунова да колдоого алды. "Биз эки шаар мэри эл тарабынан шайланышы керектиги жөнүндү сунуштарды Жогорку Кеңешке алып чыгууга аракет кылуудабыз", - дейт Ошурахунова.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Эгер убагы келсе ал да каралат" деген оюн билдирди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД