Кожоналиевди колдоп "Ак үй" алдына чыккан митингчилер ачкачылык жарыялады

Бүгүн, 10 октябрда, "Ак үй" алдына генерал Кубатбек Кожоналиевди колдоп митингге чыккандар ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу генералдын жубайы Бурул Туржанова "ВБ"га билдирди.

Ал азыр МУККнын убактылуу кармоочу жайына камалган Кубатбек Кожоналиевдин тарапкерлери менен нааразычылык акциясына чыккан.

"Биз бийликтин көңүлүн күч органдарында болуп аткан мыйзамсыз аракеттерге бургубуз келет. Кожоналиев бийликти басып алууга эч кандай чакырык жасаган эмес жана аны бошотууну суранабыз", - дейт Туржанова.

Азыр 4 киши генерал Кожоналиевди колдоп ачкачылык жарыялаганын кошумчалады. Алар Кожоналиевдин эки кызы, келини жана улуу баласы.

"Кожоналиевдин кызы Дания бир канча күндөн бери тамак ичпей атат", - дейт генералдын аялы.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД