Элмира Ногойбаева: Түлеевди камакка алуу үчүн үч себеп бар

"Ата-Журт" фракциясынын депутаты Нариман Түлеевди камакка алуу мөөнөтүн узартууга үч себеп бар. Мындай пикирин "Полис Азия" аналитикалык борборунун жетекчиси Элмира Ногойбаева "ВБ"га билдирди.

Эске салсак, 8-октябрда мамлекеттик айыптоочу камакка алынган Түлеевди МУККнын убактылуу кармоочу жайына дагы эки ай калтырууну талап кылган. Бирок, Түлеевдин тарапкерлери буга нааразы болушкан.

"Түлеевдин камакка алынышына бир канча себеп бар: Бишкек шаардык кеңешине болчу шайлоо, коррупцияга каршы күрөштүн башталышы жана "бийиктикке секирүү" аракети", - дейт Ногойбаева.

Ал "бийиктикке секирүү" деп партиялашы Камчыбек Ташиевдин митинг учурунда "Ак үйдүн" темир торунан ашып түшкөнүн сыпаттап атканын айтат.

3-октябрда болгон "Кумтөр" алтын кенин улутташтыруу боюнча митингдин демилгечиси "Ата-Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаров болгон.

"Бул жерде иш окуяда эле эмес, ага кандай топ катышкандыгы болуп атат", - дейт ал.

Эске салсак, камакка алынган депутат Нариман Түлеев 15-октябрда бошотулушу керек болчу.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД