Орусиянын алдыңкы алты цирк жамааты Кыргызстанда өз өнөрлөрүн тартуулайт

Эң аз дегенде Орусиянын алдыңкы алты цирк жамааты Кыргызстанда өз өнөрлөрүн тартуулайт. Ошол эле убакта кыргызстандык өнөрчүлөр алдыдагы айларда орусиянын жарандарын өз өнөрлөрүн тартуулоо менен сүйүндүрөт. Мындай сүйлөшүүлөр кыргыз мамциркинин директору Курмангазы Исанаев менен Орусциркинин жетекчилигинин Москва шаарында өткөн жолугушуусунда жетишилди.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү аткаруу максатында орусиянын цирк маскарапоздору Бишкекке 20-октябрда келет. Цирк жамаатынын 60 пайызы Никулин атындагы цирк өнөрпоздорунан турса, 40 пайызы аймактык цирк өкүлдөрүнөн турмакчы.

"Бул гастрол бир айга созулат, эгер көрүүчүлөр көп болуп, кызыгуу пайда болсо узартылышы мүмкүн. Азырынчы 15-16 өнөр көргөзөбүз деп белгилеп жатабыз. Көрүүчүлөргө дем алыш күндөрү оюндар көргөзүлүп, иш күндөрү билеттер сатылат", - дейт Исанаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД