Бир суткада 19 өрт кырсыгы катталган, бир киши өзүн өрттөгөн

Жарандык коргоонун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча республика аймагында 19 өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоонун алдын алууга 19 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 4, Таласта – 3, Нарында – 1, Ош облусунда – 2, Ысык-Көлдө – 1 жана Баткен облусунда – 3 өрт кырсыгы чыккан.

Бишкек шаарынын Салиева -296 көчөсүндө жайгашкан үйдө Султанов Болотбек (1963 ж. т.) аттуу жаран мас абалында бензин куюнуп, өзүн-өзү өрттөгөн. Окуя кесепетинен Султанов Болотбектин денесинин 7 пайызы күйүп, колу жана буту күйүп, 2-3 даражадагы күйүк диагнозу менен №4 шаардык оорукананын күйүк борборуна жеткирилген. Ошондой эле таанышы Асанбаев да 2-3 даражада күйүк алып, 6 пайыз бетинен жана колунан күйүп, статционардык даарылануудан баш тарткан.

Куткаруу иштеринде 3-аскерлештирилген өрткө каршы бөлүмүнөн өрт өчүрүүчүсү сержант Кубат уулу Кумар 3чү даражадагы, 0,7% сол колунун манжалары күйгөн. Прапорщик Кыдыралиев жетектеген бөлүм эки адамдын өмүрүн жана турак үйүн өрттөөдөн сактап калган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД