Жапаровдун тарапкерлери бийлик тыюу салса да, Ысык-Көлдө митингге чыгабыз дешет

Камакка алынган депутат Садыр Жапаровдун тарапкерлери Ысык-Көлдүн Түп районунда боз үй тигип нааразычылык акциясына чыкканы турат. Бул тууралуу Жапаровду коргоо комитетинин төрагасы Кеңеш Жумабаев "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, бүгүн комитет өкүлдөрү нааразычылык акциясы учурунда коомдук тартипти сактап берүү үчүн облус жана район администрациясына, облустук ИИББ жетекчисине жана райондук милициянын башчысына кат жөнөтүшкөн.

"Эгер облус жана район администрациясы уруксат бербесе да, Түп районуна эки боз үй тигип митинг уюуштурабыз", - дейт Жумабаев.

Ал ошондой эле митинг катышуучуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгүн жана тынч митинг болорун кошумчалады. "Түп-Каракол жолун тосуу ниетибиз жок. Митингге катыша тургандардын саны да белгисиз", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД