Бир суткада өлкө аймагында 12 өрт кырсыгы катталды

Жарандык коргоонун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча республиканын аймагында бир сутка ичинде 12 өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоонун алдын алууга 11 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 2, Жалал-Абатта – 7, Баткенде – 2, Ош облусунда – 1 өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоонун чыгышына өрт коопсуздугу эрежелеринин сакталбагандыгы жана этиятсыз мамиле себеп болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД