Каракол-Эңилчек жолуна кар көчкү түшүп, жолду тосуп калды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол-Эңилчек унаа жолунун 81-82-чакырымында 15-октябрда болжол менен 12000м³ (узундугу 500 м, бийиктиги 4 м, туурасы 6 м) кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.

Жолду тазалоого Транспорт жана байланыш министрлигинен жолдорду эксплуатациялоочу №11- ишканасы тарабынан 2 бульдозер тартылып, тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Учурда жол убактылуу жабык.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД