Бир суткада өлкө боюнча 18 өрт кырсыгы катталды

Жарандык коргоонун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча республиканын аймагында 18 өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоонун алдын алууга 19 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 2, Нарында – 3, Таласта – 2, Ош шаарында – 3, Ош облусунда – 1, Жалал-Абатта – 1 жана Ысык-Көл облусунда – 1 өрт кырсыгы катталган.

Ош шаарында катталган өрт кырсыктан кытай жараны Ши Ту Ман (1970-ж.т.) бетинен, далысынан 2-3 даражадагы күйүк алып, Ош облустук оорукананын күйүк бөлүмүнө түшкөн. Өрттүн себеби газ тиричилик буюмдарын колдонууда өрт коопсуздугун сактабагандык болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД