Сотторду тандоо кеңеши Конституциялык палатага талапкерлерге добуш берет

Бүгүн Жогорку соттун Конституциялык палатасына талапкерлерди тандоонун үчүнчү туру болот. Экинчи турдун жыйынтыгы менен добуш берүүгө 25 талапкер өткөн.

Кеңештин мүчөлөрүнө талапкерлер тууралуу маалыматтар бар 25 бюллетенди таратышты. Алардын ар биринин 9дан кем эмес талапкерге добуш берүү укугу бар. Кайсыл бир талапкерди тандоо боюнча жыйынга катышпаган Кеңештин мүчөлөрү ага добуш бере албайт.

13төн көп добуш алган талапкер Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялагына тандоо боюнча президентке сунушталат. 9 бош орун бар.

Эске салсак, Сотторду тандоо боюнча кеңеш үчүнчү турду 8-октябрда өткөрүш керек болчу. Жыйынга кеңештин 21 мүчөсү келген.

Алардын кээ бири кворум болбогондуктан добуш берүүнү кийинкиге калтырууну сунушташкан. Кеңеш мүчөлөрүнүн пикири кайчы чыккан. Жыйынтыгында кеңештин кээ бир мүчөлөрү жыйын залынан чыгып кеткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД