Студенттер кыргыз алфавитине өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо

Кыргыз тилинин алфавитиндеги тамгаларды эки топко бөлүү керек. Биринчи топко кыргыз тилиндеги нукура сөздөрдү туюндуруучу, экинчи топко башка тилден кирген сөздөргө колдонуучу тамгалар кирет. Бул тууралуу "Даанышман" студенттердин-интеллектуалдык клубунун төрайымы Асел Орозбаева маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, казак алфавитине мүнөздүү куйруктуу "к" жана "г" тамгаларын киргизүү керек. Анткени, кыргыз тилиндеги кээ бир сөздөр башка тилден кирген сөздөр менен кээде чаташып кетүүдө. Мисалы, кыргыз тилиндеги канат деген сөздөгү к тамгасын куйруктуу кылып жазуу керек. Ошол эле учурда орус тилиндеги канат сөзү кадимки "к" тамгасы менен жазылат дейт,- ал.

Ал ошондой эле йоттошкон "ю", "я" тамгаларын "йу" жана "йа" тамгалары менен жазууну сунуштады. "Эгер йоттошкон тамгаларды ушундай жазсак, кыргыз тилинин орфографиясы өзгөрүүгө учурайт. Ал тилди үйрөнүүгө жардам берет", - дейт ал.

Ал эми БГУнун жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Айбек Кудайкулов 23-сентябрь мамлекеттик тил күнүнө карата "Улут болсом, тилим менен улутмун" аттуу ЖОЖдор арасында илимий конференция өткөнүн билдирди. "Бул конференцияда атайын резолюция кабыл алынды", - дейт ал. Анын тексти Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековго, Жаштар жана ишке орноштуруу министри Алиясбек Алымкуловго жана Мамлекеттик тил комитетинин башчысына жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Анын айтымында резолюцияга ылайык төмөнкү иштер жасалышы керек:

1.Жаңы долбоордун алкагында алфавитке өзгөртүү киргизүү;

2.ЖМК адабий тилдин нормаларына жараша өз ишин жүргүзсүн;

3.Мамлекеттик жумушта иштеген адамдар мамлекеттик тилди билүүсү керек;

4.Кыргыз тилиндеги сапаттуу китептердин чыгышына мамлекет колдоо көрсөтсүн;

5.Кыргыз тилдүү бала бакча, мектептерди көбөйтүү жагы тез арада ишке ашырылсын;

6.КР ЖОЖ студенттерине кыргыз таануу предметин киргизүү керек;

7.ЖОЖдордо орус тилинде окутулуп аткан сабактар кыргыз тилине тез аранын ичинде которулушу керек.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД