Бишкек-Ош жолуна 40 см кар жаады

17-октябрь күнү Бишкек-Ош кан жолунун 124-129-чакырымына (Жайыл району, Чүй) калыңдыгы 40 см жеткен кар жаады. Ага байланыштуу жол оор абалда. Жолду тазалоого Транспорт жана байланыш министрлигинин жолдорду эксплуатациялоочу №9 ишканасы тарабынан 2 жүктөгүч, 3 самосвал, 2 хова, 1 грейдер жана 1 автокран тартылып, жол тазалоо жана кум чачуу иштери жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД