Бир суткада өлкөдө 19 өрт кырсыгы катталып, 22 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган

Жарандык коргоонун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча республиканын аймагында өткөн суткада 19 өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоонун алдын алууга 22 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 2, Чүй, Нарын, Жалал-Абат облустарында экиден, Ош облусунда – 3, Ош шаарында – 2, Ысык-Көл облусунда – 5 жана Баткенде бир өрт кырсыгы катталган.

Баткен облусундагы өрт кырсыгынан өрт өчүрүүчүлөр Акбарали уулу Мирланбекти (2003-ж.т.) жана Жумаев Нурланбекти (2005-ж.т.) куткарып калышкан. Кырсык Баткен шаарынын Бакай-Ата көчөсүндө болгон. Анын кесепетинен бөлмөнүн 12 чарчы метр шыбы (ДВП), 4 терезе кашеги, 2 килем, 2 палас, 17 жууркан күйгөн. Өрттүн чыгуу себеби, электр жабдыктарын туташтырууда эреженин сакталбагандыгы болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД