Ажылык визалары 1500 евродон сатылууда деген имиштерге КМДБнын тиешеси жок

"Коомчулукта, араб улутундагы белгисиз адамдар ажылык визаларын 1 500 евродон сатып атат деген имиштер бар. Эгер мындай аракеттер аныкталса, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын (КМДБ) буга эч кандай тиешеси жок". Мындай оюн КМДБнын басмасөз катчысы Эсен Өмүракунов "ВБ"га билдирди.

Ал ошондой эле учурда бардык зыяратчылар Сауд Аравия мамлекетинде экенин кошумчалады. "Сауд Аравия Королдугунун элчилигинен ажылык визаларын алган 4577 Кыргызстандын жараны, быйыл ажылык сапарга аттанышты. Азыркы кезде алардын дээрлик бардыгы, негизги ибадаттардын аткарылуучу Мекке шаарынын мейманкаларына жайгашты", - дейт ал.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД