Бишкек-Ош жолунда машина тыгыны жок

Бүгүн саат 08:00гө алынган маалыматка ылайык Бишкек-Ош жолунда машина тыгыны байкалган жок. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 17-октябрда Бишкек-Ош жолунун 124-129-чакырымына калыңдыгы 40 см жеткен кар жаап, машиналардын өтүүсү кыйындаган. Ал эми 18-октябрда Бишкек-Ош жолунундагы Сосновка постунда Жайыл райондук жана Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери авто унааларды толугу менен токтотушкан. Сосновка постунан Төө-Ашууга чейин болжол менен 500гө жакын автоунаалар топтолуп калган. Ушул эле күнү саат 12:45те КР ӨКМнин куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунан 25 куткаруучу туруп калган унааларды чыгарууга жардамга чыгып кетишкен, саат 15:20да куткаруучулар унаалар топтолгон жерге жетишип, жолдо токтоп калган унааларды чыгарганга жардам беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД