Бир суткада өлкө аймагында 20 өрт кырсыгы катталды

Жарандык коргоонун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча республиканын аймагында бир суткада 20 өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоонун алдын алууга 21 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 5, Чүй облусунда – 4, Нарында – 2, Баткенде – 1, Жалал-Абатта – 2, Ысык-Көлдө – 3, Ош шаарында – 1 жана Ош облусунда – 2 өрт кырсыгы катталган.

Көпчүлүк өрттүн чыгышына өрт коопсуздугун сактабагандык себеп болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД