Бишкекте айт намазы борбордун Эски аянтында окулат

Курман айт намазы 26-октябрь күнү Бишкек шаарынын Эски аянтта окулат. Бул тууралуу муфтияттын басмасөз кызматы билдирди.

Айт намазын окуу эртең мененки саат 08-00дө башталат. Ага чейин айт намазы, курмандык чалуу тууралуу диний маселелер аалымдар тарабынан түшүндүрүлөт. Ошондой эле мамлекеттик жетекчилердин майрамдык куттуктоо айтуусу күтүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД