Бир суткада өлкө боюнча 21 өрт кырсыгы катталды

Жарандык коргоонун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча республиканын аймагында 21 өрт кырсыгы катталды. Тилсиз жоонун айлдын алууга 24 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 4, Чүй облусунда – 4, Ысык-Көлдө – 1, Ош шаарында – 1, Нарында – 3, Жалал-Абатта – 4, Таласта – 1 жана Ош облусунда – 3 өрт катталган.

Бишкек шаарында Фрунзе-Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде Гольф-3 үлгүсүндөгү (мам. № V 74-16 G) машина толугу менен күйүп кеткен. Өрт машина жол кырсыгына кабылгандыктан келип чыккан.

Ошондой эле Талас облусунун Кара-Буура районундагы Уч-Булак айылында балдардын шоктугунан 4 тонна чөп күйүп кеткен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД