Бир суткада өлкө боюнча 12 өрт катталды

Жарандык коргоонун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча республиканын аймагында 12 өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоонун алдын алууга 14 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 2, Чүй облусунда – 2, Ысык-Көл, Талас жана Ош облустарында бирден өрт, Жалал-Абатта – 3 жана Ош шаарында – 2 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Панфилов көчөсү 190 дарегиндеги 5 кабаттуу жаңы салынып жаткан курулуш имаратынын жер төлөөсүндө 8 куб.м. курулуш жыгач материалдар күйгөн. Өрттүн натыйжасында 30 жаштагы Масалбеков Мухтар жаракат алып, №4 шаардык ооруканага жеткирилген. Өрттүн болжолдуу себеби: тамеки тартуудагы этиятсыздык болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД