Шаардык кеңешке ат салышчу партиялардын бюллетенге жайгашуу ирээти аныкталды

28-октябрда Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешке катышуу үчүн катталган партиялардын шайлоо бюллетенинде жайгашуу ирээтин аныктоо боюнча чучу кулак өткөрдү. Бул тууралуу БШКнын басмасөз кызматы билдирди.

Чучу кулакка ылайык, саясый партиялардын тизмеси бюллетенде төмөнкүчө жайгашат:

1. "Кыргызстандын жашылдар партиясы";

2. "Биримдик жана өнүгүү";

3. "Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы";

4. "Кайран эл";

5. "Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы";

6. "За жизнь без барьеров";

7. "Союз. Свобода. Справедливость. Родина";

8. "Ата-Журт";

9. "Эгемен Кыргызстан";

10. "Столица" демократиялык партиясы;

11. ""Эркин Эл" кайра жаралуу партиясы";

12. "Мекен Ынтымагы";

13. "Акшумкар";

14. "Ар-Намыс";

15. "Республика";

16. "Кыргызстандын патриоттору";

17. "Кыргыз Республикисынын транспортчулар партиясы";

18. "Асман Ала-Тоо";

19. "Адилеттүү Кыргызстан";

20. "Замандаш-Современник";

21. Ата-Мекен";

22. "Бүтүн Кыргызстан";

23. ""Ак Санат" элдик башкаруу партиясы".

Эске салсак, Бишкек шаардык кеңешке шайлоону президент 25-ноябрга белгилеген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД