Машина бакты сүзүп, эки адам каза болду

Бүгүн таңкы саат 03:11 чамасында Кант жана Биринчи Май айылынын 5-чакырымында жол кырсыгы катталып, анда эки киши каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ниссан үлгүсүндөгү машина (мам. номери S 06 65 I) бакты сүзүп, анын кесепетинен айдоочу менен жүргүнчү кырсык болгон жерде каза болгон.

Кыпчылып калган адамдарды куткаруучулар атайын шаймандар менен чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөзүп беришкен. Каза болгондор Кант шаардык оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД