Бир сутка ичинде өлкө боюнча 13 өрт кырсыгы катталды

Жарандык коргоонун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоонун алдын алууга 13 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 1, Чүй облусунда – 5, Таласта – 1, Жалал-Абатта – 2, Ош облусунда – 3 жана Баткенде бир өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Жайыл районундагы Орто-Суу айылында Э.Айдаралиевдин 15 тонна чөбү күйгөн. Өрттүн чыгышына 7 жаштагы баласынын от менен шоктугу себеп болгон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД