Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 өрт кырсыгы катталды

Жарандык коргоонун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча республиканын аймагында 14 өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоонун алдын алууга 15 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 2, Чүйдө – 6, Нарында – 1, Ош облусунда – 2, Таласта – 1, Жалал-Абатта – 1 жана Ош шаарында бир өрт катталган.

Бишкек шаарынын Геология көчөсүндөгү батир күйүп, бөлмөдөгү сыналгы, диван, стол жана кийим кечелер күйгөн. Өрттүн чыгышына тамеки тартуудагы этиятсыздак себеп болгон. Ошондой эле өрт убагында үйдө болгон үч жаран куткарылган.

1.Максютов Э. Ш. Колунан кокустук алып, "103" кызматкерлери ооруканага жеткизишкен.

2.Калашникова Наталья Владимировна 1977-жылы туулган, оң колунан күйүк алып, № 4 шаардык оорукананын күйүк борборуна жеткирилген.

3.Калашников Александр Викторович 1973-жылы туулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД