Аймактардагы басылмаларды дүйнөлүк желеге чыгаруунун оңой жолу сунушталат

Учурда Интернет ар-түрдүү маалыматка жетүүнүн, дүйнөдө болуп жаткан окуялар менен таанышып туруунун жөнөкөй да, ыңгайлуу да жолу. Ушуга байланыштуу салттуу деген ЖМКлар да Интернетке чыгуунун, Интернетте кошумча окурмандарын табуунун амалдарын издеп келишет.

Кыргызстанда, тилекке каршы, бардык эле ЖМКлар Интернетте өз баракчаларына ээ эмес. Интернет колдонуучулар алардын кабарлары менен тааныша алышпайт.

"Журналисттер" коомдук бирикмеси "Сорос-Кыргызстан" фондусунун колдоосунда ушул маселени чечүүгө жардам иретинде "Дем" аталышындагы жаңылыктар-топтогуч кызматын (www.dem.kg) ачууда. Биз менен кызматташкан ар бир ЖМК биздин сайтка өз материалын өз алдынча, же болбосо материал тиркелген катты атайы бир электрондук дарекке жөнөтүү аркылуу жайгаштыра алат.

Материалдар ЖМКнын аталышы, ЖМК жайгашкан аймак жана экономика, саясат сыяктуу рубрикалар боюнча бөлүштүрүлөт.

Ошону менен катар интернет-колдонуучу Кыргызстанда болуп жаткан окуялар менен кеңири таанышуу үчүн ар түрдүү Интернет булактарга кирип, толтура жаңылыктарды окуп чыгууга аргасыз болбостон бир эле "Дем" сайтынан керектүү жаңылыктарды табууга мүмкүнчүлүк алат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД