Өмүркулов маданият кызматкерлерине 2013-жылы социалдык турак жай куруп берүүгө сөз берди

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов маданият кызматкерлерине кийинки жылы социалдык турак жай куруп берүүгө сөз берди. Бул тууралуу ал Маданият кызматкерлеринин күнүнө арналган иш чарада билдирди.

Анын айтымында, маданият кызматкерлеринин турмушун жакшыртуу үчүн мэриянын жакшы идеялары бар жана анын ичинде социалдык турак жай куруу программасы да бар. “Сөз беш миңден ашуун квартира тууралуу болуп атат”, - дейт ал.

Шаар башчысы өлкөдө “ар күн сайын туруктуулук орноп, экономикалык абал жакшырып” атканын жана бул эртеңки күнү ойлонулган бардык нерсени ишке ашырууга ишеним берерин белгиледи.

Майрамдын алкагында мэрия 30дан ашык маданият кызматкерлерин Ардак грамота, медаль, төш белгилер менен сыйланды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД