Бүгүн ажылардын алгачкы тобу Ошко келип конот

2-ноябрь күнү Сауд Аравиянын Жидда шаарынын аэропортунан кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу учак менен Ош аэропортуна алып келип конот. Бул тууралуу муфтияттын басмасөз кызматы билдирди. Ал эми Манас аэропортуна ажылардын алгачкы тобу 5-ноябрда келип конот. Ажыларды ташыган акыркы учак 17-ноябрда Ош шаарына келип конмокчу. Бардыгы болуп Жидда, Мадина шаарларынан Бишкек, Ош шаарларына 23 аба каттамы уютурулат.

Эскертсек, быйылкы жылы ажыларды ташуу тендерин “КыргызТрансАвия” компаниясы жеңип алган. Бул компания ирандын “Махан-Эйр” авиакомпаниясынан ижарага алган учактары менен ажыларды ташууда ташууда.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД