Президент маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президенти Алмазбек Атамбаев маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда эзелтен кыргыз элинде маданият өзгөчө бийик бааланган. Элибиздин залкар таланттары улуттук руханий дөөлөттөрдү дүйнөгө таанытып, жалпы адамзаттын маданий мурасына татыктуу салымын кошту,- деп айтылат.

Ошондой эле азыркы доордо элибиз маданият аркылуу гана өзүнүн нукура улуттук асыл сапаттарын сактай алат. Алдыбызда улуттук маданиятты күчтүү агартуучулук жана руханий күчкө айландыруу милдети турат, - деп белгиленген.

“Ардактуу маданият жана искусство кызматкерлери! Элибиздин кылымдар бою кашыктап чогулткан маданий мурасын кеңири жайылтуу менен калкыбызды жаратман эмгекке, адилеттүүлүккө жана руханий тазалыкка багыттай беришиңиздерге чын дилимден тилектешмин.

Сиздерге чың ден соолук, чыгармачылык ийгилик, үй-бүлөңүздөргө бакыт-таалай каалайм!”.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД