Бир суткада өлкө боюнча 16 өрт кырсыгы катталды

Жарандык коргоонун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча республиканын аймагында 16 өрт кырсыгы катталган. Тилсиз жоонун алдын алууга 17 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Агы ылайык, Бишкекте – 4, Чүй облусунда – 4, Таласта – 1, Нарында – 1, Жалал-Абатта – 3, Ош облусунда – 3 өрт кырсыгы чыккан.

Токмок шаарындагы Жантаев көчөсүндөгү Н.Базаркуловдун ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү (мам. № S 39-43 F) машинаасынын тетиктери күйгөн. Өрттүн натыйжасында Баазаркулов Нарынбек (1964 ж.т.) бети-колу, далысынан 1-2-даражадагы күйүк алган. Курманалиев Салморбек (1954 ж.т.) бетинен, чыканагынан 1-2-даражадагы күйүк алып ооруканага баруудан баш тарташты. Өрт электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушунан улам чыккан.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД