“Сосновка” жана “Арал” постторунда оор жүк ташуучу машиналарга чектөө киргизилди

Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуу жана Ала-Бел ашуусуна кар калың жаагандыгына (20 см) байланыштуу унаалардын өтүүсүнө кыйынчылыктар жаралган. бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолду тазалоо үчүн жолдорду эксплуатациялоочу №9-ишканасы тарабынан 3 грейдер, 2 жүктөгүч, 6 самосвал, 1 унимог жана жолдорду эксплуатациялоочу №23-иш канасы тарабынан 2 самосвал, 1 бульдолзер тартылды. “Сосновка” жана “Арал” постторунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө коюлду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД