Ош облусунун Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов “Кара-Суу” базарындагы асты түшүп кеткен туалеттен каза болгондордун үй-бүлөсүнө 70 миң сомдон бөлө турганын “ВБ”га билдирди.
Анын айтымында, 6-ноябрда Кара-Суу районунда координациялык кеңеш болуп, анда каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жапа чеккендерге жардам берүү маселеси чечилген.
“Жыйындан кийин кеңештин катышуучулары Кара-Суу районунун резервдик фондунан 400 миң сом бөлүүнү чечишкен. Анын 100 миң сому кырсык болгон күнү эле атайын техника үчүн жумшалган. Калган 300 миң сом каза болгондордун үй-бүлөсүнө бөлүнөт”, - дейт Матраимов.
Ал ошондой эле Базар-Коргон жана Ноокат районунун башчылары да каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жапа чеккендерге жардам бере турганын кошумчалады.
“Бул туалетти төрт жыл мурда эле жабыш керек болчу. Бирок райсоттун токтому менен жеке ишкер ишин уланткан”, - деди Тилек Матраимов.
Эскертсек, Кара-Суу базарындагы туалеттин асты түшүп кетип, анда 4 киши каза болгон.