Ажырашпаган «кош жылдыздар» Отунбаева менен Каптагаевдин ити чөп жеп...

2010-жылдын апрелиндеги элдик төңкөрүштү уюштуруп, авторитардык режимди кулаткан, а кездеги негизги оппозициялык күч, Бириккен Элдик Кыймылдын (БЭК) саясый бюросунун мүчөлөрү Убактылуу Өкмөт (УӨ) түзгөнүн жарыялап, ар кимиси өз каалаган «портфелдерин» кучактай жыгылганы белгилүү.

Негизинен кедейчилик менен күн көргөн көчө оппозиционерлери эки тизгин бир чылбыр колдоруна тийээри менен мурунку элге жарыялап келген асыл максаттарын экинчи планга жылдырып, балдыз, бажа, ага-туугандарын кызматка коюп, жеке кызыкчылыктарын канааттандырып, байуу менен алек болушуп, «алган агандыкы, жулган жулгандыкы» деген заман башталды.

Эл алдында жооп бере турган канкорлордун акчасын алып, сыртка узатмай, банктардын ячейкаларын тономой, мародорлук, рейдерлик менен шугулданып, айтор кай жерден кызыл көрүнсө кыя өтпөй, калтага шыкоо кадыресе көрүнүшкө айланды.

Кечээ эле эл арасында маршруткада жүргөндөр, шалдыраган эски машинелерине май куйганга акчасы жок кайыр сурап жүргөндөр, бир заматта бай-бачаларга айланып, алкынтып арты алтымыш миң долларлык джиптерди минип, кымбат баалуу хансарайларда жашап калышты. Жүрүм-турумдары да өзгөрүп, каада күтүп, бакиевдердин заманындагы коррупционер-чиновниктерди туурап, бардарчылыкты көрсөтүп манчыркашканын айтпа. Элдер, «ушунун баарын уурулук менен таптың да!», деп жатат го деген тартынуу, уялуу кенедей да байкалбайт.

Анан, УӨнүн көздөрүн май басып, кулагы керең болуп, алкымы араандай ачылып, мамлекеттик маселелерге чолоо жок болуп турган кезде түштүктө улут аралык жаңжал чыгып, миңдеген адамдар жабыркап, жүздөгөн адамдар мерт болду. «Сепаратисттер от тутантып, жаңжал чыкчудай болуп жатат, абал оор, тезинен чара көрүш керек» деген Мелис Мырзакматовдун жана дагы башкалардын маалыматтарына, «бакиевчилердин колдоочулары кырдаалды курчутумуш болуп, өз кызыкчылыктарын ойлоп жатат» дебей, Роза Отунбаева менен анын «аппаратын» тейлөөчүсү Эмилбек Каптагаев экөө маселеге олуттуу мамиле жасап, мамлекеттик деңгээлде караганда, кырдалды көзөмөлгө алып, миңдеген адамдарды азап менен шордон сактап калууга болот беле?

Ошентип, ансыз да, түштүк жакта колдоосу жок болуп турган УӨнүн аброю нөлгө түшүп, элдер ачыктан ачык каргай баштады. Убактылуулар баягы «ун көрбөгөн бор сугунат», дегендин эле өзү болду. Тез арада, бир эле жыл ичинде элдин ишениминен ажырап, 2011-жылкы парламенттик шайлоодо мурунку бийликтин калдыктарынан куралды деген «Ата Журт», «Республика» партияларына уттуруп коюшту. Андан бери дагы бир жыл өттү. Бийликтин аброю мурдагыдан да төмөндөп, эл бул бийликтен түңүлүп калды. Жер жерлерде нааразчылыктар күч алып, стабилдүүлүккө шек келе баштаган кез.

УӨнүн курамына кирип, бийликте отурган мурунку оппозиционерлер да ич ара байлык, бийлик талашып, бөлүнүп-жарылып отуруп, бир далайы бийликтен сүрүлдү. Президенттик шайлоонун жыйынтыгы менен бир жылча майталканда майкаңдашкан Роза Отунбаева менен анын аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев бийлик сересинен шыпырылды. Азимбек Бекназаров, Кубатбек Байболов, Эркин Бөлөкбаевдер да Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин интригаларынын аркасында кызматтан кетүүгө аргасыз болду. Алардын ордун кечээ эле бакиевдердин ырын ырдап, оппозициянын «көчүгүнө суу куйгандар», самынсыз жылчыктарга кирип кетүүчүлөрдү толуктоодо.

Бийликтен кеткендер ичинен кекенип, кайра бир ыгын таап «алтын акырга» жетсем дегенде эки көздөрү төрт. Конституциялык палатага барып, «мурдагы конституциялык соттун жоруктарынын кайталанбашына «гарант» болуп берейин» деген А.Бекназаровду сынактардан өткөндөн кийин сотторду тандоо кеңешин «тырпыратып» бир жумага ишти токтотуп, «чөгөлөтүп» туруп, шайлоодон өткөзбөй салышты эле, «аа-а, А.Атамбаевге деле Акаев, Бакиевдерге керек болгон «баш ийген сот системасы керек тура, кайрадан тас кейпибизге кеткенибиз ушу да, бу сапар да жолубуз болбой, бийлигибиз оңбой калган турбайбы (?), буларды да кууш керек, 4-революция болот!» деген сөздөр байма-бай айтыла баштады.

Бийликте бир жылча бирге отурушуп, абдан быгышып, көңүлдөрү бири-бирине төп келишкен экс-президент менен аппарат жетекчиси тарыхтын таштандысына кеткилери келбей, жан алакетке түшүп, эски досторуна, айрыкча А.Атамбаевге катуу нааразы болушуп, бийликке каршы уюштурулуп жаткан акцияларга да тымызын аралашып ийип жаткандарынын четин ИИМдин экс-министри Зарылбек Рысалиев чыгарды.

Кыясы, «бийликтин башына балээни үйгөнгө салым кошуп, анан бийлик калчылдап, колдоочуга муктаж болгон кезде, боор оруган киши өңдөнүп барып, коюнга кирип кетүү» тактикасы жемишин бердиби ким билсин, айтор Эмилбек Каптагаев президенттин улуттар аралык маселелер боюнча кеңешчиси болуп дайындалды.

Ошентип, бийликтен кеткенден кийин да ажыраша албай, «кош жылдыздардай» болуп жылтылдашкан экс-президент менен анын «аппаратчигинин» кичине да болсо ити чөп жеп, иши жыла баштагандай. Эмки кезек, элчи инисинен башка Ө.Бабанов, Р.Казакбаев сыяктуу кадрлары кызматтан алынып, ажоого баштагыдай кадыры жок болуп, ичинен тынып турган апчебиздин саясый амбициясын канааттандырууда. Бул жагынан алганда, Туруспек Коёоналиевди коколоп («аппаратчигин» чукулуурак жерден кирип чыгып туруусун каалаганбы?) мам. кызматттан кеткен Э.Каптагевди резиденциядан көчүрбөй жатканы, (ЖМКлар жазып чыкты эле), тандемдешип аракеттенгендери туура болгондой?

Кутулайынчы ушулардан дедиби, ким билсин? А.Атамбаевдин бул дайындоосу дайынсыз, логикага сыйбай турган дайындоо болду. Кезинде улуттар аралык кагылышты болтурбоо мүмкүнчүлүгүн колдоно албай элди кырдырып ийгендердин бирин кайра ошол багытты тейлөөгө дайындоону кандай түшүнүшүбүз керек? Же бизге дагы бир коогалаң жасап берсин деген кеппи? Улуттар аралык маселени мындай коюп, УӨ болуп турганда, катын Бугу деп калдайган элди шылдың кылып, мамлекеттин эсебинен китеп чыгартып, көлдө тынч жаткан Бугу менен Саякты дүрбөлөңгө салып, чабыштырган немени кантип кеңешчи кылып алганы такыр түшүнүксүз. Же эмне, көлдүктөр Э.Каптагаевди ташбараңга алабыз деп, нааразычылыгын билдирип, кол топтоп, нечен жолу акүйгө кат жолдошкондорун А.Атамбаев унутканбы? Бу кандай, калдайган бир региондун кадыр баркын сыйлабагандыкпы?

Ошентип, Э.Каптагаев эптеп-септеп бийлик бутагына кайрадан илээшти. Бирок бул кызматы мурдагыдай чоң деле кызмат эмес. Мурда өзү шуулдатып ары-бери кубалап жүргөн Данияр Нарымбаевдин колуна барды. Каалаган убагында президентке кире албай, айтканын ишке ашыра албай, кагаздары жылбай, кыйналып, кирип-чыгымыш болуп жүрүп күнү өтөт да.

Президенттин эски соратниктерине жасаган мамилелерин талдаган серепчилер деле -«А.Атамбаев, УӨдө турганда теңата болуп жүргөн Э.Каптагаевди желин чыгарып, трапке деңгээлине түшүрүп, бутун сүртүп-сүртүп туруп, таштандыга айдайт» деген пикирлерин билдиришүүдө. Бул сөздөр деле жөн жерден чыккан жери жок. Ф.Куловдун (Талиеваны айгыр салып), А.Келдибековдун, Өмүрбек Бабановдун, Өмүрбек Текебаевдердин “көчүгүнө суу” куюлгандан кийин чыккан сөз!


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД